Ашыгы үчүн төшүн чоңойтмокчу болгон келин майып болуп кала жаздады

© Sputnik / Жоомарт УраимовПластический хирург с медицинскими инструментами
Пластический хирург с медицинскими инструментами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жигитинин сунушу аялга бир топ оорчулук келтирген.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Ашыгы үчүн төшүн чоңойтмокчу болгон келин майып болуп кала жаздаганын Botched телеберүүсүнө таянуу менен The Sun басылмасы жазып чыкты.

Эрика аттуу аял эмчегинен кандайдыр бир суюктук бөлүнүп чыгып жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган. Текшерүүдөн кийин доктурлар төшүнөн шишик таап, токтоосуз операцияга көндүрүшкөн. Эриканын сүйгөнү учурдан пайдаланып, төшүн да чоңойтуп алууга кеңеш берген.

Семиз бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы эң семиз бала жарым жылда 142 килограмм таштады
Пластикадан кийин суюктуктун бөлүнүп чыгышы көбөйүп, аялдын эмчеги адаттагы формасын жоготуп, өзгөрүп кеткен. Дарыгерлердин кезектеги текшерүүсүнөн соң кайра шишик табылып, врачтар имплантаттарды алып салуу керектигин айтышкан. Операция учурунда хирургдар келиндин төшүн оңдоп беришкен.

Ушу тапта Эрика жигитинен кол үзүп, жашоосун жаңыдан баштап жатат.

Буга чейин таиланддык киши төшүн чоңойтуудан баш тарткан аялын балдары менен кошо өлтүрүп салганы боюнча интернетте маалымат тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0