Ыкчам келе калып. Полициянын агып бара жаткан баланы сактап калган видеосу

Жазылуу
Шамдагай кыймылдап. Полициянын агып бара жаткан баланы сактап калган видеосу

Кытайда полиция кызматкерлери агымы катуу суу алып кеткен баланы орто жолдон сактап калды. Бул туурасында Daily Mail жазган.

Сахалин аралындагы көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сахалинде 17 жаштагы кыргызстандык жигит россиялык кызды куткарам деп чөгүп кетти
Окуя Кытайдын Синьцзян автономиялык округундагы Кашкар шаарында 14-февралда болгон. 11 жаштагы бала ойноп жатып, капыстан шыргалаң сууга түшүп кеткен. Кырсыкка күбө болгондор дароо полицияга чалып, алар бир нече мүнөттө жетип келген. Ал арада шар суу баланы 2 чакырымдай жерге алып кеткен. Жээкти бойлой ашыккан полиция кызматкерлеринин бири Давути (Dawuti) автонуааны таштай сала сууга кирип, бөбөктү колдон кармап калганга үлгүргөн. Дарыянын агымы катуу болгондуктан, тартип сакчысын теңселтип барып токтогон. Үч полиция каналдын жээгине бири-биринин колун кармап, чынжырча кылып тура калып, кесиптеши менен баланы тартып чыгышкан.

Алардын ыкчам иштегенинен улам адам өмүрү сакталып калды. Жабырлануучуну суудан алып чыккандан кийин кургак кийим бере салышып, андан соң ооруканага ден соолугун текшертүү үчүн алып барышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0