"Жөргөмүш адам: Аалам аралап" мультфильми "Оскар" алды

© REUTERS / Mike SegarЦеремония вручения 91-й кинопремии "Оскар" в Лос-Анджелесе
Церемония вручения 91-й кинопремии Оскар в Лос-Анджелесе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлык тапшыруу аземи Лос-Анджелестеги Долби театрында өтүп жатат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. "Жөргөмүш адам: Аалам аралап" ("Человек-Паук: через вселенные") толук метраждуу анимациялык фильми АКШ киноакадемиясынын "Оскар" сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи Лос-Анджелестеги Долби театрында өтүп жатат.

Аталган категорияда "Келечектен келген Мирай" ("Мирай из будущего") "Иттердин аралы" ("Остров собак), "Суперсемейка 2" жана "Ральф интернетке каршы" ("Ральф против интернета") мультфильмдери да болгон.

Буга чейин "Жөргөмүш адам: Аалам аралап" анимациялык тасмасы "Алтын глобус", АКШнын продюсерлер гильдиясынын PGA сыйлыгына жана башка көптөгөн наамдарга татыган.

Сыйлык тапшыруу аземин ABC телеканалы түз алып көрсөтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0