14,5 млн. евро! Шакира салык төлөбөй койгону үчүн сотко чакырылды

© AP Photo / Greg AllenЫрчы Шакира. Архив
Ырчы Шакира. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы тапкан акчаларын Кайман, Виргин аралдарындагы жана Панама, дагы башка оффшордук аймактардагы 14 компания аркылуу жашырып калган.

БИШКЕК, 26-фев. – Sputnik. Ырчы Шакира салык төлөөдөн баш тартканы үчүн күнөөлөнүп 12-июнда сотко бармай болду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Эсплугес-де-Льобрегат (Барселона провинциясы) шаарынын соту прокуратуранын алты учуру (киреше салыгы жана мүлк салыгы) боюнча доосун кароону кабыл алганын Europa Press агенттиги жазды.

Нападающий ФК Ювентус Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Криштиану Роналду дагы бир кызды зордуктаганы айтылды
Кеп 14,5 миллион евро туурасында жүрүп жатат. Прокуратуранын пикирине караганда, ырчы тапкан акчаларын Кайман, Виргин аралдарындагы жана Панама, дагы башка оффшордук аймактардагы 14 компания аркылуу жашырып калган.

2010-2017-жылдары Шакира испаниялык футболчу Жерар Пике менен мамиле курган. Алар турмуш куруу боюнча олуттуу пландарын 2011-жылы элге жарыя кылган. Анткен менен Испаниянын салык органдарынын каттоосуна 2015-жылы гана турган. Көзөмөл органдары менен салыкчылар ырчы төрт жыл бою аталган өлкөгө салык төлөөдөн баш тартып келген деп шектенип жатышат. Себеби Шакира көптөн бери эле Испанияда жашап жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0