Тез дат басып кетчү 5 унаа аталды. Тизме

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМеждународное ралли "Пекин-Париж"
Международное ралли Пекин-Париж  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи орун УАЗ "Патриот" жолтандабасына берилди.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Carsweek.ru сайты тез дат басып кетчү беш унааны атады.

Финальная сборка автомобиля Volkswagen - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң коопсуз унаалар аныкталды. Быйылкы жылдын тизмеси
Адистер биринчи орунга УАЗ "Патриот" жолтандабасын, экинчиге кытайлык Lifan X60 кроссоверин койду. Ал эми үчүнчүдө Lada Granta турат. Маалыматка караганда, жалпы жонунан бул унаанын сыры көпкө эле кармалат. Бирок айдоочулардын көбү унаанын айрым бөлүктөрүн дат басып кетип жатканын айтып арызданып келишет.

Төртүнчү орунга франциялык Renault Duster кроссовери коюлду. Бул авто жаман жолдор менен жүргөндө кузову жабыркап, сыры түшүп калары белгиленген.

Акыркы бешинчи орунда Кытайдын Geely Emgrand X7 кроссовери турат. Суук, нымдуу аймактарда 10 миң чакырым жүргөндөн кийин унаа ээси темир тулпарынын дат баса баштаганын көрө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0