Канададагы "муз цунамиси" видеого түшүп калды

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүОнежское озеро в Карелии
Онежское озеро в Карелии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катуу шамалдан улам "муз дубал" 15 мүнөттүн ичинде пайда болду.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Канададагы Эри көлүнүн жээгине тоодой муз тоңуп калгандыктан, алыстан караган кишиге аппак цунамидей элес калтырууда. Бул тууралуу Travel and Leisure басылмасы жазды.

Порталдын маалыматына караганда, катуу шамалдан улам "муз дубал" 15 мүнөттүн ичинде пайда болду.

​Полиция жээктеги унаа жолун убактылуу жаап койду.

​Жергиликтүү тургундар социалдык тармактарга таң каларлык көрүнүштүн сүрөттөрүн жүктөп жатышат.

​Өлкөнүн Метео кызматы жакынкы күндөрү ылдамдыгы саатына 120 чакырымга жеткен шамал күтүлүп жатканын айтып, жарандарды сак болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0