Кольца для новобрачных. Архивное фото

Апасынын шакегин белек кылган жигитти чанган кыз талоонго калды

286
Жаштар 10 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. АКШлык аял жигити колун сураарда апасынын шакегин белек кылганын айтып, социалдык тармакта талоонго калды. Бул тууралуу Reddit порталы жазды.

Макаладагы маалыматка караганда, түгөйлөр 10 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн.

"Жигитим менин колумду сурап, шакек белек кылганы жатканын капысынан билип калдым. Ал мессенджер аркылуу карындашы менен кеңешип, жакшынакай, кымбат баалуу шакектердин сүрөтүн салганын көргөм. Бирок аягында апасынын эски шакегин сунуп жатпайбы. Ташы өтө жупуну экен", — деп жазды аял.

Бул постунан кийин интернет колдонуучулардан жылуу сөз угам деген келин, тескерисинче, жемеге калды.

Айрымдар аны сүйүктүүсүнүн колуктусу болгусу келбей эле кымбат баалуу белек күтүп жаткан акылсыз дешсе, башкалар эркек киши апасынын шакегин чын жүрөктөн сүйгөн гана аялга берерин айтып чыгышты.

286
Белгилер:
үй-бүлө, шакек, келин, жигит, АКШ
Тема боюнча
Филиппин: жигит сүйгөн кызынын колун суроо үчүн "жол кырсыгына" кабылды
"Манас" аэропортунан сүйүктүүсүнүн колун сураган жигиттин видеосу