Кытайлык аял мышыгына пластикалык операция жасатты. Жыйынтыгы боор оорутат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүМышык. Архив
Мышык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял пластикалык операциянын жардамы менен мышыгынын көзүн европалыктардыкындай кылууну чечкен.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытайдын тургуну мышыгына пластикалык операция жасатуу үчүн 10 миң юань (1500 доллардын тегереги) короткон. Бул тууралуу The Daily Mail жазды.

Басылманын билдирүүсүнө ылайык, аты аталбаган аял жаныбарынын кебетеси суук, көзү азиат улутундагы адамдардыкындай экенин айтып нааразы болгон.

Мындан улам ал пластикалык операциянын жардамы менен мышыгынын көзүн европалыктардыкындай кылууну чечкен.

Ойлогон оюн аял ишке ашырган.

Пластический хирург с медицинскими инструментами - Sputnik Кыргызстан
Ашыгы үчүн төшүн чоңойтмокчу болгон келин майып болуп кала жаздады
Кийинчерээк мышыктын операциядан кийинки сүрөтү менен видеосу интернетке жарыяланып, колдонуучуларды таң калтырган.

Анда мышыкка атайын жака кийгизилип, көзүнүн айланасындагы жүндөр кырылган. Көздөрү кызарып, тиккен жиптери көрүнүп калган.

Бул тема боюнча жергиликтүү телеканалдар сюжет даярдашкан. Анда мышыктын ээсин жана ага операция жасаган дарыгерлерди жаныбарга аеосуз мамиле кылган деп айыпташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0