АКШдагы торнадо 22 кишинин өмүрүн алды. Каргашанын кесепети видеодо

Жазылуу
Буга чейин Алабама штатынын губернатору Кэй Айви катаал аба ырайынан улам өзгөчө кырдаал режимин киргизген болчу.

АКШнын Алабама штатындагы торнадо 22 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу WBRC телеканалы округдун шерифи Ли Жей Жонско таянуу менен билдирди.

Шериф жоголгондор тууралуу маалыматтар келип жаткандыктан каза болгондордун саны көбөйүшү ыктымалдыгын эскертти.

"Бүгүн колдон келген аракетти жасадык. Бул аймак абдан кооптуу. Торнадо аймактагы имараттарды жана турак жайларды кыйратты", — деди ал.

Буга чейин Алабама штатынын губернатору Кэй Айви катаал аба ырайынан улам өзгөчө кырдаал режимин киргизген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0