АКШда пляждын жээгинен куйругу жок балык табылды. Сүрөт

© AFP / KAZUHIRO NOGIЛуна рыба. Архив
Луна рыба. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө австралиялык окумуштуу жардам берген.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Түштүк Калифорнияда пляждын жээгинен буга чейин такыр кездешпеген балык табылды. Бул тууралуу CNN жазды.

Суу жаныбары тегерек формада. Узундугу 2,1 метрди түзөт.

​Балыктын сүрөтү социалдык тармакка жарыялангандан кийин австралиялык океанолог Марианна Найгаард бул Худвинкер деген жандык экенин айтып берген.

​"Бул балыктардын куйругу жана тиши жок болот", — деп изилдөөчү билдирген.

Маалыматта белгиленгендей, мындай суу жаныбары Австралия, Жаңы Зеландия, Түштүк Африка жана Чилиде гана кездешет. Биологдор балык кандайча экваторду кесип өтүп башка аймакка түшүп калганына таңыркашууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0