Трамп Россияга каршы санкцияларды узартып койду

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Украинанын ички саясатына кийлигишпей эле турганын, санкциялар тилинде сүйлөшүү пайдасыз экенин айтып келет.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россияга карата 2014-жылы жарыяланган санкцияларды узартып койду. Бул кадамын ал Украинадагы абалга байланыштуу деп түшүндүргөнүн РИА Новости жазды.

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Трамп буркан-шаркан түшкөндө. Эки саат сүйлөгөн ажо эмки шайлоого барарын айтты
Конгресске жөнөтүлгөн билдирүүгө караганда, Барак Обама жарыялаган санкциялар ушул жылдын 6-мартынан тарта улантылат.

Президенттин айтымында, Украинадагы абалдан тышкары Россия өкмөтүнүн күч түзүмүнө байланыштуу чечимдери АКШнын коопсуздугуна жана сырткы саясатына коркунуч жаратууда.

Ал эми Россия Украинанын ички саясатына кийлигишпей эле турганын, санкциялар тилинде сүйлөшүү пайдасыз экенин айтып келет. Анткен менен акыркы мезгилдерде Батышта Россияга каршы санкцияларды токтотуу боюнча пикирлер көбүрөөк айтыла баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0