Өзбекстандын мурунку президентинин кызы Гүлнара Каримова. Архивдик сүрөт

865 млн. доллар пара алган. АКШда Гүлнара Каримовага кылмыш иши козголду

246
(жаңыланган 00:02 09.03.2019)
Тергөөнүн версиясы боюнча Гүлнара Каримова чет өлкөлүк байланыш операторлорун Өзбекстандын рыногуна кийирүү үчүн жүз миллиондогон доллар пара талап кылган.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Өзбекстандын мурунку президентинин кызы Гүлнара Каримова менен Россиянын "МобильдикТелеСистемалары" (МТС) телекоммуникациялык ишканасынын Өзбекстандагы "Уздунробита" туунду компаниясынын экс-директору Бехзод Ахмедовго АКШда кылмыш иши козголду.

Аларга кылмыштуу жол менен табылган каражатты адалдоо жана 865 миллион доллар пара алган деп айып тагылууда. Бул туурасында РИА Новости Нью-Йорктун прокуратурасына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Каримова кызматтык абалынан пайдаланып ири үч телекоммуникациялык компаниядан опузалап 865 миллион доллар пара алып, ал акчаны АКШнын каржы системасы аркылуу адалдаган.

МТСтен сырткары ал Vimpelcom LTD (Билайн — ред.) жана Telia Company AB (Telia) компанияларынан акча алмак болгон.

"МТС россиялык мобилдик оператору 865 миллион долларды төлөө боюнча АКШнын биржасы, баалуу кагаздар боюнча комиссиясы жана Юстиция министрлиги менен келишим түзгөн", — деп жазылат маалыматта.

2015-жылы жазында Американын Юстиция министрлиги Голландиянын прокуратурасы менен биргеликте Гүлнара Каримова аралашкан Vimpelcom, МТС жана скандинавиялык TeliaSonera, Takilant компаниялары менен түзүлгөн келишимдерди териштирерин билдирген. Мунун алкагында август айында АКШ бийлиги Европанын беш өлкөсүнө кайрылып, иликтөө учурунда Каримованын 1 миллиард доллар активдерин камакка алуу өтүнүчүн билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча байланыш операторлору Өзбекстандын рыногуна кирүүгө укук алуу үчүн Каримова башында турган структураларга жүз миллиондогон доллар берип турган. Бул иштердин алкагында Vimpelcom 2016-жылы 795 миллион доллар төлөгөн.

246
Белгилер:
АКШ, айып, кылмыш, пара, оператор, Гүлнара Каримова
Тема боюнча
ЖМК: Гүлнара Каримованын үйүнөн 38 млн. долларлык азем буюмдар табылды
Гүлнара Каримованы абакка отургузушту. Өзгөртүлгөн өкүм