Казак ырчысы Димаш Кудайбергенов. Архивдик сүрөт

Димаш АКШда катышып жаткан конкурста алдыда баратканын жар салды

397
(жаңыланган 19:12 08.03.2019)
Казакстандык ырчы Америкада өтүп жаткан таланттуулардын The World's Best шоусуна катышууда.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. The World's Best конкурсунда өзгөчө үнү менен калыстарды таң калтырган казакстандык ырчы Димаш Кудайберген финалдык этаптын алдында чыккан таблицаны жарыялап, сап башында турганын кабарлады. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Ырчы мындай маалыматты өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу жар салган.

"The World's Best сынагынын финалынын алдындагы жыйынтык. Биз биринчиде баратабыз. Бардык аткарган ырларымды, жеңишимди кымбаттуу күйөрмандарыма жана казак элиме арнайм", — деп жазган Димаш.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Димаш ҚҰДАЙБЕРГЕН (@kudaibergenov.dimash)

Ушул эле шоуга катышып жаткан дагы бир казакстандык Данэлия Тулешова да алдыга озуп чыгып бешинчи сапта турганы көрсөтүлөт.

Буга чейин соцтармакка алдыда көрсөтүлө турган программанын анонсу чыгып, анда Димаш сынактан кетип жаткандай түр калтырган. Муну көргөн күйөрмандар ал өзүнөн бир топ жаш кичүү казакстандык ырчыга атаандаш болуудан баш тартып коюшу мүмкүн деп болжошкон.

397
Белгилер:
Казакстан, ырчы, финал, жыйынтык, конкурс, Димаш Кудайберген
Тема боюнча
Кыялдар орундалат! Казакстандык Димаш Кытайда жылдын ырчысы аталды
Димаш Кудайбергендин күйөрмандары АКШда биринчи болууга жардам берди