Ашыгына үйлөнүү үчүн 43 жыл бою колун сурап, акыры көздөгөнүнө жетти

© AFP / PATRICK BAZГүл кармап турган кыз. Архив
Гүл кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түгөйлөр 1975-жылы таанышкан. Колин сүйүктүүсү Полинанын колун сураганда ал баш тартып койгон.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Улуу Британиянын тургуну Колин Жонс сүйүктүүсү Полина Янгдын колун ондогон жолу сурап, акыры 43 жылдан кийин көздөгөнүнө жеткен. Бул тууралуу Fox News телеканалы билдирди.

Түгөйлөр 1975-жылы таанышкан. Колин сүйүктүүсү Полинанын колун сураганда ал баш тартып койгон. Кийинки жылы да колун сурап, ушундай эле жооп алган. Ал жыл сайын сүйүктүүсүнүн колун сурагандан тажаган эмес.

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кыз-эркек дебей никеге кечирээк тура баштады. Статистика
Бул нерсе 40 жылдан ашык уланып, бул убакыт аралыгында алар Мальтага барып, чогуу чакан мейманкана ачып иштеткенге үлгүрүшкөн. Экөө жарандык никеде жашап жүрүшкөн.

Кийин Полина ооруп калгандыктан кайрадан Улуу Британияга 2019-жылы 14-февралда көчүп келип, карылар үйүндө жашап калышкан. Ал жактан 72ге чыккан Палина Колин менен баш кошууга даяр экенин айткан. Ошентип алар карылар үйүндө баш кошушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0