Кадимкидей эле көтөрүп чапты! Муз талаасындагы кармаштын видеосу

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүХоккей. Архив
Хоккей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу Дезрозьенин мээси чайкалып, ийин муундары жабыркаган.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Франциялык "Амьен" командасынын хоккейчиси Холден Андерсон муз талаасында атаандашы болгон "Бордо" оюнчусу Жульен Дезрозьени кадимки күрөштүн ыкмасын колдонуп көтөрүп чапкан видео тарады. Бул туурасында "Р-Спорт" жазды.

Видео Twitter социалдык тармагына жарыяланган.

Хоккейчинин тамагын кесип кете жаздады. Оюн учурдагы кооптуу ирмем - Sputnik Кыргызстан
Хоккейчинин тамагын кесип кете жаздады. Оюн учурдагы кооптуу ирмем
Окуя Франция чемпионатынын учурунда болгон. Аралаш уруштун ыкмасы "Амьендин" жетекчисине жаккан эмес. Бул кылыгы үчүн оюнчу айыпка жыгылып, муз аянтчадан четтетилген. Ал эми спортчу Дезрозьенин мээси чайкалып, ийин муундары жабыркаган. Эми бир топко чейин хоккей ойной албай кала турган болду.

Спортчулардын беттеши "Амьендин" эсебине чечилип, 4:3 менен аяктаган. Маалыматта жакынкы күндөрү лиганын Андерсон үчүн жазаны жарыя кылары айтылган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0