"Санта-Барбара" сериалындагы башкы каармандын бирин ойногон актер каза болду

© AFP / ROBYN BECKГолливуд тоолору. Архив
Голливуд тоолору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШнын аймагындагы көрүүчүлөрдүн көбү Алланды "Санта-Барбара" телесериалындагы Кэпвеллдердин үй-бүлөсүнүн башчысы катары таанышкан.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. "Санта-Барбара" сериалындагы башкы каармандардын биринин ролун аткарган америкалык актер Жед Аллан 85 жашында каза болду. Бул туурасында Facebook тармагына досу, кесиптеши Эй Мартинес жазган.

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүү"Санта-Барбара" сериалындагы башкы каармандардын биринин ролун аткарган америкалык актер Жед Аллан
Санта-Барбара сериалындагы башкы каармандын бирин ойногон актер каза болду - Sputnik Кыргызстан
"Санта-Барбара" сериалындагы башкы каармандардын биринин ролун аткарган америкалык актер Жед Аллан

Ал актер менен бирге "Санта-Барбара" телесериалына тартылгандыгын айткан.

"Алландын чеберчилиги - кесипкөйлүгү менен шыктануусун айкалыштыра билгендигинде болду. Колу ачык, ак көңүл, шайыр жана күчтүү адам эле. Аны менен бирге иштешип, насиптеш, дос болуп калганыма Жаратканга ыраазымын", — деп жазган Мартинес.

КМШнын аймагындагы көрүүчүлөрдүн көбү Алланды "Санта-Барбара" телесериалындагы Кэпвеллдердин үй-бүлөсүнүн башчысы — Сиси катары таанышкан.

Ал аталган ролунан тышкары америкалык "Коломбо", "Беверли-Хиллз 90210", "C.S.I.: Майами", "Порт Чарльз" жана франциялык "Арлетт" кинолорунда образ жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0