Көңүлдөшүн дубалга тирүүлөй шыбатып өлтүрткөн. Италиядагы жүрөк үшүн алган окуя

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСтроительство моста п-ов Де-Фриз - Седанка во Владивостоке
Строительство моста п-ов Де-Фриз - Седанка во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон киши алты жыл мурда дайынсыз жоголгон  Албаниянын 41 жаштагы тургуну болуп чыкты.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Италияда полиция кызматкерлери дубалдын ортосуна салынып өлтүрүлгөн эркек кишини табышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан The Guardian басылмасына таянып кабарлады.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда эки кыргызстандыкты өлтүрдү деген шектүү кармалды. Сурактын видеосу
Полициянын берген билдирүүсүнө караганда, мындай кылмышка 64 жаштагы аял буйрук бериши мүмкүн. Анткени каза болгон адам анын зер буюмдарын уурдап кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча көңүлдөшүнө алданып калган аял мафияга байланышы бар төрт адамды жалдаган.

"Киллерлер кишини тирүүлөй эле цемент менен дубалга шыбап салышкан", — деп жазган басылма.

Курмандыкка айланган киши алты жыл мурда дайынсыз жоголгон  Албаниянын 41 жаштагы тургуну болуп чыкты. Анын сөөгү ушул жылдын январь айында Сенаго шаарындагы вилладан ремонт иштери учурунда табылган. Бирок бийлик бул маалыматты ушул жумада кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0