Лотереядан уткан 273 млн. долларынан кур жалак кала жаздады. АКШдагы окуя

© AFP / Frederic J. BROWNMega Millions лотереясы. Архивдик сүрөт
Mega Millions лотереясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акчанын ээси бир жылдан бери жумушу жок жүргөн.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. АКШнын Майк Верски аттуу тургуну утуш алып келген билетин кассада унутуп калып, 273 миллион доллар акчадан кур жалак кала жаздады. Бул тууралуу CBS New York жазып чыкты.

Лотерейные билеты - Sputnik Кыргызстан
Суусамырдын тургундарына лотерея сатып алдаган жубайлар кармалды
Бир жылдан бери жумушу жок жүргөн Верски жумасына 20 долларга лотерея билеттерин сатып алып турганы маалым болгон. Каражаттын тартыштыгынан аны да токтотуп, бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра ойной баштаган.

Сатып алган бир нече билетин четке жылдырып, Верски телефонго алаксып кеткен да ошо боюнча дүкөндөн сыртка чыгып кеткен. Аны байкаган бир кардар билеттерди сатуучуга берет. Соодагер аларды сактап коет да, эртеси кайтып келген ээсине тапшырат.

Эки күндөн кийин 24 жаштагы америкалык жаран оюндун жыйынтыгын текшерип, 273 миллион доллар утуп алганын билген.

"Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Ушунча жылдан кийин... Бул акча менин жашоомду түп-тамырынан бери өзгөртөт", — деди Верски.

Акчанын ээси утушуна алгач өзү жана энеси үчүн эки автоунаа сатып аларын, андан тышкары, билеттерин унутуп кеткенин байкап дүкөнчүгө берип койгон белгисиз адамды таап ыраазычылык айта турганын билдирди.

Мындан бир ай мурун лотереядан 12,507 миллион доллар утуп алган британиялык киши аз өтпөй итке минип калганы тууралуу маалымат чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0