Зоопаркта ягуар селфи жасап жаткан аялды тиштеп алды. Жырткычтын видеосу

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүВ Екатеринбургском зоопарке появились новые обитатели
В Екатеринбургском зоопарке появились новые обитатели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетке жарыяланган видеодон болжол менен 30 жаштагы аял жерде колун кармап жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Феникс шаарындагы (АКШ, Аризона штаты) зоопаркта тордо турган ягуар селфи жасап жаткан аялга кол салды. Бул туурасында BBC жазып чыкты.

Окуя узаган ишемби күнү болгон, аял өтө олуттуу жаракат алган эмес.

Жырткыч менен сүрөткө түшкүсү келген келин тордун жанына барганы айтылат. Ал өтө жакын туруп алгандыктан ягуар тордун тешигинен тумшугун чыгарып аялдын колун тиштеген.

Зоопарктын директору Мики Оллсон жаныбар кармалган жайга жакындабаш үчүн атайын тосмо коюлганын, ал аял тосмонун ичине кирип кеткенин айтты.

​Интернетке жарыяланган видеодон болжол менен 30 жаштагы аял жерде колун кармап жатканын жана тордун ичинде турган ягуарды көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0