Абасы таза мамлекеттер аталды. Алдыңкы беш өлкөнүн тизмеси

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТаллин шаары. Архив
Таллин шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө 73 мамлекет алынып, жаратылышты коргоо боюнча ири эл аралык уюмдардын жана компьютердик программаларды иштеп чыккан компаниянын адистери иш жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Эксперттер абасы эң таза болгон мамлекетти аныкташты. Тизменин көч башында Исландия турарын Air Visual порталы жазды.

Военные учения в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан канчанчы орунда? Дүйнөдөгү коопсуз өлкөлөр аталды
Ага ылайык, алдыңкы бештикке Финляндия, Эстония, Швеция жана Австралия кирген. Жалпысынан изилдөөгө 73 мамлекет алынып, жаратылышты коргоо боюнча ири эл аралык уюмдардын жана компьютердик программаларды иштеп чыккан компаниянын адистери иш жүргүзүшкөн.

Эксперттер эл көп отурукташкан аймактардагы абадагы микробөлүкчөлөрдүн абалын изилдешкен. Түндүк Европада жайгашкан мамлекеттер алдыңкы орундарга чыккан.

Абасы эң кир деп Индия, Пакистан жана Бангладеш мамлекеттери табылды. Бул өлкөлөрдөгү абадагы чаң белгиленген нормадан он эсе көптүк кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0