Москвада 18 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн киллер кармалды. Сүрөт

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүРоссиянын полиция кызматкерлери. Архив
Россиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкер Казакстанга экстрадицияланды.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Москва шаарында 18 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн киллер кармалганын Россия ИИМинин расмий өкүлү Ирина Волк кабарлады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Укук коргоо органдары кылмышкер 2000-жылдардын башында топ түзүп, анын ишин тескеп келген.

Волктун айтымында, кармалган кишиге 2001-жылы Казакстанда бизнес өнөктөшүн өлтүрдү деген күнөө коюлуп, Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.

Кылмышкер Казакстанга экстрадицияланганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0