Макгрегордун камактан бошоп, полициядан чыгып бараткан видеосу тарады

© REUTERS / Adam Hunger-USA TODAY Sports / File PhotoИрландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер дүйшөмбү күнү АКШ полициясы тарабынан тоноочулук жана кылмыш жолу менен зыян келтирүү фактысынын негизинде кармалган.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун камактан чыккан видеосу интернетке тарады. Бул туурасында Р-Спорт жазды.

​Эске сала кетсек, мушкер дүйшөмбү күнү АКШ полициясы тарабынан тоноочулук жана кылмыш жолу менен зыян келтирүү фактысынын негизинде кармалган. Спортчу отелден чыгып келе жатканда жабырлануучу аны телефонго тартууга аракет кылган. Бул учурда ММА мушкери эркек кишинин колундагы мобильнигин талкалап, буту менен тепселеп, андан соң көтөрүп кетип калган. Жабырлануучунун айтымында, уюлдук телефону миң доллар турат.

Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Нурмагомедовдун менеджери: Хабиб Конор менен көчөдө болсо да мушташат
ММА мушкери кармалган эле күнү 12,5 миң доллар күрөөгө коюп, эркиндикке чыккан. Макгрегордун адвокаты Самуэль Рабин соттук угуулар качан болору азырынча белгисиз экендигин айтты. Өз кезегинде ирландиялык спортчу күйөрмандарына кайрылып, колдоп жаткандарга ыраазы экендигин билдирген.

ММА мушкери Конор Макгрегор былтыр 6-октябрда UFC 229 турниринин алкагында россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.

Макгрегор аралаш мушташ боюнча 21 мелдештин жеңүүчүсү, төрт ирет жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0