Элден корунган келин Интернеттеги ыкма менен төрөйм деп көз жумду. Индиядагы окуя

© AFP / ULISES RUIZКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп кабаттуу үйдүн тургундары 26 жаштагы кош бойлуу келин жашаган батирдин эшигинин астынан кан агып жатканын көрүп, полиция чакырышкан.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Индияда элдин сөзүнөн уялган келин YouTube сайтындагы инструкцияны карап төрөйм деп көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү Hindustan Times басылмасы жазды.

Каргашалуу окуя Биландпур аймагында болгон.

Көп кабаттуу үйдүн тургундары 26 жаштагы кош бойлуу келин жашаган батирдин эшигинин астынан кан агып жатканын көрүп, полиция чакырышкан.

"Укук коргоочулар эшикти талкалап кирип, ичинде жаңы көз жарган келин менен ымыркайдын сөөгүн табышкан. Алардын жанында ийне-жип болгон. Ал эми маркумдун телефонунда YouTube сайтындагы өз алдынча төрөө тууралуу видео ачылып турган", — деп жазылат макалада.

Келиндин ата-энесинин айтымында, ал никесиз боюна бүтүп калып, элден уялып жүргөн. Ошол себептен төрөтканага барбай, үйдө төрөөнү чечиши мүмкүн. Окуя болгон батирге ал бир нече күн мурда эле көчүп кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0