Пил. Архивдик сүрөт

Кения: көп жашап, азуу сөөктөрү жер чийгиче карыган пил өлдү. Сүрөттөр

1013
(жаңыланган 11:56 16.03.2019)
Сүрөтчү эгерде жанынан эмес, сүрөттөн көрсө, мындай пилдердин бар экендигине ишенмек эместигин айткан.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кениянын Цаво саваннасында 60 жылдан ашуун жашаган F_MU1 аттуу ургаачы пил өлдү. Ал Африкадагы азуусу жерге чейин өскөн ири жаныбарлардын бири болчу. Бул туурасында BBC жазды.

Британиялык фотограф Уилл Беррард-Лукас бул сүрөттөрдү пил өлөр алдында тартып калган.

​"Эгерде пилдердин ханышасы деген түшүнүк болсо, анда сөзсүз F_MU1 тандалмак", — деп айтып берген ал.

Африка боюнча учурда азуусу узун 30га чукул гана жаныбар калды.

​Уилл аны Цаво улуттук паркынын администрациясы жана Жапайы жаратылышты коргоо боюнча Кения кызматы менен кызматташып тарткан. Бул долбоорго жарым жылдай убакыт кеткен.

Сүрөтчү пилди биринчи ирет көргөндө абдан таңгалгандыгын жашырган жок.

​"F_MU1 картайып, арыктап калса дагы, ага моюн бербей алдыга басып баратты. Азуусу ушунчалык өсүп кеткендиктен, артынан караганда соконун эки тиши чийген сымал бороз калтырганын көрүүгө болот эле. Мени бул жаныбарды көрүнүшү мурдагы өткөн заманга кайтарып барды", — деген ал.

60 жылдан ашуун мезгил ичинде пил жашоосунда башынан көп кыйынчылыктарды өткөргөн.

Браконьерлердин аңчылыгынан кутулуп чыгып, уу сугарылган жебени жеңип, тузактан качып чыгып кеткенге үлгүргөн.

F_MU1ге окшогон жаныбарлардын азуусу браконьерлер үчүн табылгыс олжо. Алар адатта жерге чейин жетип өскөндөн соң сынып калат.

Эки жыл мурда Satao II деп аталган пил эң узун делген азууларынын айынан улуттук парктын чек арасында өлтүрүлгөн. Кийин анын ууга сугарылган жебеден өлгөндүгү аныкталган.

"Аркайган азуулары бар пилдердин саны саналуу гана калды. Алар браконьерлердин кылтагынан кутула албай калышууда", — деп айтып берген Born Free уюмунун өкүлү доктор Марк Жонс.

Адис мындай жаныбарлардын балким эң акыркы тукумдарын көрүп жаткандырбыз деп көңүл чөгөргөн божомолун айткан. Себеби алар тукум улап, көбөйгүчө эле азууларына аңчылыкка чыккан адамзат тукум курут кылганы калды деп кошумчалаган.

Уиллдин сүрөттөрү "Алптардын өлкөсү" деп аталган китепке жарыяланмакчы.

Эң кары пилдин акыркы сүрөтү шаркыратмада жасалган. Сүрөтчү бул ирмемдер анын жадынан көпкө чейин өчпөй тургандыгын айткан.

1013
Белгилер:
азуу, Африка, улуттук парк, парк, браконьер, Сүрөт
Тема боюнча
Циркте өнөр көрсөтүп жаткан пил элдин үстүнө жыгылды. Видео
Швеция пил менен деңиз арстандарын цирк оюндарына тартууга тыюу салды
Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөнов. Архивдик сүрөт

Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт

23
(жаңыланган 17:14 10.08.2020)
Кадрдан Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагыларга таякча менен бир макетти түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты.

Сүрөт президенттин сайты менен РИА Новостиге жарыяланган. Анда Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагы кишилерге таякча менен бир макетти көрсөтүп түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот. 

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты

Маалыматта Лукашенко Минск облусуна иш сапары менен барып, Пухович районундагы жогорку технологиялуу агроөнөр жай өндүрүшүн толук циклде уюштуруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышары айтылат. Долбоорду "Белоруссиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясы" ишке ашырууда.

ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу

Өз кезегинде Лукашенко долбоорго жогорку баасын берген.

Курманбек Бакиевдин тушундагы соңку премьер-министр болгон Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин кызматынан кол жууган. 3,5 ай премьерликти аркалап, апрель окуясы боюнча иштерден улам сыртынан соттолгон. Ушул тапта Белоруссияда жашайт, ал жакта Даниил Урицкий ысымы менен жүрөт.

23
Белгилер:
долбоорлор, Сүрөт, Александр Лукашенко, Данияр Үсөнов, Белоруссия
Тема боюнча
Белоруссия Данияр Үсөновду эмнеге кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Белоруссияда нааразычылык акциясынын катышуучулары

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

75
(жаңыланган 16:39 10.08.2020)
Түндө президенттик шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркаган. Айрымдарын күч түзүмдөрү кармап кеткен.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Александр Лукашенко Белоруссияда нааразычылыкка чыккандарды Польша, Британия жана Чехиядагылар башкарып жатканын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттигинин Telegram-каналы жазды.

Анын айтымында, чет мамлекеттен чалуулар катталган, бирок аларга карабастан шайлоо жогорку деңгээлде өттү.

"Бул майрам да, аны бузгусу келгендер болду. Биз аларды байкадык, көрүнүп эле турду. Чет мамлекеттеги чалууларды каттадык. Польша, Улуу Британия жана Чехиядан чалуулар болгон, алар биздикилерди, кечиресиздер, койлорду башкарышкан. Алар өздөрү эмне кылып жатканын түшүнүшкөн жок, ошон үчүн башкарып алышты да", — деген Лукашенко КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Сергей Лебедев менен болгон жолугушуусунда.

Эске сала кетсек, Белоруссиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен учурдагы президент Александр Лукашенко атаандаштарын жеңип чыкты.

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

Түндө шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркап, кармалгандар болгон.

Президент аталган өлкөдө беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар өлкө жетекчиси болгон адам 2025-жылга чейин бийлик башында турмакчы. Бул эгемендүүлүк алгандан тарта Белоруссияда өткөн президенттик алтынчы шайлоо.

75
Белгилер:
нааразычылык акциясы, шайлоо, президент, Александр Лукашенко, Белоруссия
Тема боюнча
38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы