Жаңы Зеландиядагы мечиттеги теракты боюнча айыпталып жаткан башкы шектүү Брентон Таррант

Жаңы Зеландияда кыргын салды деген киши сотто улутчулдардын белгисин көрсөттү

4005
(жаңыланган 12:46 16.03.2019)
Алгачкы сот отуруму Крайстчерч шаарында өтүп, жыйын болгону бир мүнөткө созулган.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жаңы Зеландиядагы мечиттеги теракты боюнча айыпталып жаткан башкы шектүү Брентон Таррантка карата сот иштери башталды. Бул тууралуу The New Zealand Herald басылмасы жазды.

Таррант Крайстчерч шаарынын борборундагы Масжид-ан-Нур мечитине кол салып, 41 кишинин өмүрүн алган. Ал бардык аракетин онлайн түрүндө көрсөтүп турган. Теракты алдында ал социалдык тармактагы баракчасына манифест жарыялап, ак терилүү кишилер дүйнөдө үстөмдүк кылышы керек деген идеяны колдой турганын жана Европада мусулмандарга каршы терактыларды уюштурууга чакырган.

​Алгачкы сот отуруму Крайстчерч шаарында өтүп, жыйын болгону бир мүнөткө созулган. Сот аны адам өлтүрүүгө айыптоо үчүн өкүмдү окууга ушунча убакыт талап кылынган.

Негизги айыпталуучу өкүнбөгөнүн жана сүрөткө тартып жаткан учурда улутчулдардын белгилерин көрсөткөн. Бул аракетинен кийин аны сот залынан жактоочусуна сөз бербестен алып чыгып кетишкен. Кийинки сот 5-апрелде өтөт.

​Акыркы маалыматтар боюнча атайылап уюштурулган терактыдан 50 киши каза болду. Анын 41и Крайстчерч шаарындагы мечиттеги кыргын учурунда өлсө, жети киши Линвуд шаарынын четиндеги мечитте каза тапкан. Эки киши ооруканадан үзүлгөн. 50дөй киши түрдүү жаракаттарды алган. Эки мечит бир-биринен 5 чакырым алыстыкта жайгашкан.

4005
Белгилер:
адам өлтүрүү, ок атуу, мечит, теракт, Жаңы Зеландия
Тема:
Жаңы Зеландиядагы мечиттердеги кыргын (6)
Тема боюнча
Мечитте элди аткылагандардын бирин кармап жаткан учурдун видеосу тарады
Жаңы Зеландиядагы терактыдан курман болгондордун саны 50гө жетти
Кит. Архив

Кит жутуп алып кайра чыгарып салган балыкчынын азыркы кебетеси. Сүрөт

21
(жаңыланган 11:36 13.06.2021)
Океандын жээгинде лобстер уулап жүргөн балыкчыны кит жутуп алды. Адегенде ири толкун болгонун сезген киши андан кийин караңгынын кучагында калган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. АКШда кит жутуп алган балыкчы аман калды. Бул тууралуу CBS Boston телеканалы жазып чыкты.

Шумдук окуяга Американын Провинстаун шаарынын тургуну Майкл Паккард кабылган. Ал Кейп-Код жарым аралында океанды жээктеп лобстер (деңиз рагы) уулап жүргөн.

Ага адегенде ири толкун болгону байкалган, анан эле караңгы болуп кеткен. Майкл адегенде акула жутуп алды деп ойлогон. Кийинчерээк киттин оозунда экенин билген. Жөн турбастан сүзүп, кыймылын уланткан. Бактысына алп жандык суунун бетине чыгып, оозундагыларын сыртка бүркүп, балыкчы океанга кулаган.

"Мен бошонуп, эркин болуп сүзүп кеттим. Өзүм да буга ишенген жокмун", — деген ал.

Жакын жердеги балыкчылар аны ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер Майклдын майда тамырлары гана жабыркаганын аныкташкан. Башка эч кандай олуттуу жаракат алган эмес, эч жери сынган да эмес.

Окумуштуулар мындай окуя сейрек кездешерин белгилешет. Алардын айтымында, кит демейде адамга коркунуч келтирбейт, болгону суудагы майда балыктар жана башка деңиз жандыктары менен тамактанып жатканда кишини да кокусунан жутуп алышы мүмкүн.

21
Белгилер:
АКШ, окуя, кит, океан, адам
Тема боюнча
Торго түшкөн акуланы сууга кое беришкен. Боорукер балыкчылардын видеосу
Норканын терилери. Архив

Израиль биринчилерден болуп аң тери буюмдарын сатууга тыюу салды

9
(жаңыланган 11:14 13.06.2021)
Мыйзам бузгандарга 75 миң шекель (23 миң доллардай) өлчөмүндө айып пул салынат же бир жылга чейин эркинен ажыратылмакчы.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Израиль биринчилерден болуп аң тери буюмдарын сатууга тыюу салды. Бул тууралуу National Geographic жазды.

Жапайы жаныбарларды коргоо жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сурамжылоого катышкандардын 86 пайызы колдогон. Ал 2021-жылдын декабрь айында күчүнө кирет. Тиешелүү документке өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министри Гила Гимлиэль кол койгон.

Израилде мындан ары аң терилеринен тигилген кийимдер менен алардан жасалган буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга лицензия берилбей турганы айтылат. Мыйзам бузгандарга 75 миң шекель (23 миң доллардай) өлчөмүндө айып пул салынат же бир жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бирок мыйзамда бир нерсеге уруксат берилген: аң терилери илим-изилдөө иштеринде жана диний жөрөлгөлөрдө колдонулат. Бул хасид жамааттары (штраймл) кара териден тигилген баш кийим кийгендери менен байланыштуу.

Дүйнөлүк уюмдар бул кадамды "тарыхый жеңиш" деп атаган.

9
Белгилер:
мыйзам, тыюу салуу, сатуу, тери, жаныбарлар, Израиль
Тема боюнча
Кочкордогу фотокапканга түшкөн жаныбарлардын жаңы сүрөттөрү