Өспүрүм эл өкүлүн жумуртка менен башка койгон. Австралиядагы окуянын видеосу

© AP Photo / Australia PoolАвстралияда Жаңы Зеландиядагы мечитте болгон каргашага байланыштуу пикирин билдирген сенатор Фрейзер Эннингдин башына өспүрүмдүн жумуртка жарган
Австралияда Жаңы Зеландиядагы мечитте болгон каргашага байланыштуу пикирин билдирген сенатор Фрейзер Эннингдин башына өспүрүмдүн жумуртка жарган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга сенатордун терактыга иммигранттардын кыйыр күнөөсү бар деп айтканы себепкер болгон.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Австралияда Жаңы Зеландиядагы мечитте болгон каргашага байланыштуу пикирин билдирген сенатор Фрейзер Эннингдин башына өспүрүмдүн жумуртка жарган видеосу тарады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Окуянын видеосун журналист Брайан Тайлер Коэн Twitter баракчасына жарыялаган.

​Буга сенатордун терактыга иммигранттардын кыйыр күнөөсү бар деп айтканы себепкер болгон.

Ал эми кадрдан артында смартфонго тартып турган эркек бала эл өкүлүнө жакындап келип, жумуртканы кишинин башына жарып, анын сарысы агып калганын көрүүгө болот. Мындайды күтпөгөн Эннинг өспүрүмдү бетке бир коюп жиберген, ортодо тургандар арачалап калган.

Жаңы Зеландиядагы мечиттеги теракты боюнча айыпталып жаткан башкы шектүү Брентон Таррант - Sputnik Кыргызстан
Жаңы Зеландияда кыргын салды деген киши сотто улутчулдардын белгисин көрсөттү
Буга чейин Эннинг 50 киши курман болгон Жаңы Зеландиядагы аткылоо мусулман фанаттарын өлкөгө алып келген иммиграциялык программадан улам келип чыккандыгын айткан. Бир аз убакыт өткөндөн кийин анын социалдык тармактагы баракчасынан посту өчүрүлгөнү менен Интернет аркылуу тарап кеткен.

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон "бул - жийиркеничтүү билдирүү" деп атаган.

Эске салсак, Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы мечит аткылоого алынган. Учурда каза болгондордун саны 50гө жетсе, дагы 50 киши жарадар болуп, ооруканага түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0