Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев жана Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин . Архивдик сүрөт

Назарбаев отставкага кетерде Путин менен телефондон эмне тууралуу сүйлөшкөнү айтылды

5382
Нурсултан Назарбаев 19-март күнү президенттик кызматын тапшырды.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев кызматын тапшырар алдында Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышып, отставкасы тууралуу сүйлөшкөн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков 19-март күнү Путин менен Назарбаев телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, бирок эки өлкөнүн башчылары эмне тууралуу кеп курганы жөнүндө маалыматы жок экенин билдирген.

Казакстандын президентинин маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча саясатчылар телефондон Назарбаевдин президенттик милдетин аткаруу мөөнөтүн 20-мартта токтотуу боюнча жана ага карабай келечекте тыгыз байланышта болушарын сүйлөшкөн.

Эске салсак, Нурсултан Назарбаев 19-март күнү президенттик кызматын тапшырды.

5382
Белгилер:
телефон, Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев, Казакстан
Тема:
Нурсултан Назарбаевдин отставкасы (22)
Тема боюнча
Нурсултан Назарбаев эми эмне менен алектенерин айтты
Казакстанды 30 жылга чукул башкарды... Нурсултан Назарбаев тууралуу 15 факты
Назарбаев казак элин кимге тапшырып кетти. Токаевдин таржымалы
Назарбаевдин президенттиктен эмнеге кеткени белгилүү болду