Кышкы кийимди жайында кантип сактоо керек? Адистердин кеңеши

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүМодная ночь VOGUE Fashion’s Night Out в Санкт-Петербурге
Модная ночь VOGUE Fashion’s Night Out в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылуу кийимдерди күздө жууп алам деп сандыкка кир бойдон салып коюу туура эмес.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кышкы кийимдер сынын жоготпой, эмдиги жылы дагы кызмат кылышы үчүн аны жайында кантип сактоо керектигин Россиянын сапат системасына (Роскачество) шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.

Улуттук кийимдер: элечек, ак калпак, кеп такыя, шөкүлө, телпек, тебетей - Sputnik Кыргызстан
Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Алгач жылуу кийим-кечекти жууп-тазалоо керек. "Күзүндө жууп алам" дегендер жаңылышат, анткени бир нече ай туруп калган такты кетирүү оңой эмес.

Адатта кышкы кийимдер пахта, жүн, тери сыяктуу кылдаттыкты талап кылган материалдан тигилет эмеспи. Андыктан адистер химиялык жол менен тазалоочу жайлардын кызматын колдонууну сунуштайт. "Өзүм тазалайм" дегендер назик кездемелерге арналган атайын каражаттарды колдонуп, жылымык же муздак сууга жуушу керек. Ал эми дубленка менен шубаны кадимки чаң сордургуч менен тазалап койсо жетиштүү.

Сактоо шарттары:

шуба, дубленка жана пальтону формасын жоготуп койбош үчүн бүктөп салбай, шкафка илип коюу керек;

ар бир куртканы өзүнчө баштыкка салып сактоо зарыл. Бүтктөп, каалаган жерге сала бериңиз;

желим баштыкка суу куюп, оозун бекем байлап туруп бут кийимдин ичине салып койсоңуз, канча убакыт турса дагы формасын жоготпойт;

кийимге күбө түшпөш үчүн арасына мителерди качырган атайын каражаттарды салып коюңуз. Азыр андай нерселерди каалаган дүкөндөн тапса болот. Болбосо ордуна кургатылган эрмен, лимондун кабыгы, лаванда же жалбызды колдонуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0