БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. АКШнын Гарвард медициналык мектебинде эмгектенген илимпоздор тамакты чектөө жана анын майлуулугун азайтуу жашоону узартарын далилдеп чыгышты. Иликтөөнүн жыйынтыгы MedicalXpress сайтына жыраяланды.
Тажрыйба курттарга — Caenorhabditis elegans нематоддоруна жүргүзүлгөн. Натыйжада углеводдорду аз өлчөмдө колдонуу адамдын тубаса иммунитетинин басаңдашын шарттай турганы аныкталган. Бул р38 белогунун функциясын алсыздандыруу жолу менен ишке ашат.Ал эми бул иммунитет инфекциялар менен күрөшөт, бирок анын ашкере активдүүлүгү адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, өнөкөт оорулар күчөп, организм эрте эле картая баштайт.
Ачкачылыктын саламаттыкка пайдалуу экени буга чейин да айтылып келген. Тамактан чеги менен баш тартып туруу метаболизмди өзгөртүп, оору-сыркоодон оолак кармай турганы аныкталган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Америкалык мушкер Дастин Порье UFC 257 турниринин эң башкы беттешинде ирландиялык Конор Макгрегорду нокаут менен утту.
داستن بورييه يهزم كونور مكغريغور بالضربة الفنية القاضية في الجولة الثانية 🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥 .. #UFC257 pic.twitter.com/kOUaXTuu8p
— UFC Arab (@UFC_Arabs) January 24, 2021
Жеңил салмакта күч сынашкан атлеттердин кармашы эки раундга созулду. Порье атаандашы Макгрегорду торго камап туруп, сол колдоп ээк тушуна таамай сокку тийгизди. Анын чабуулу тездегенде Макгрегор көтөрө албай жерге кулады.
Кармаш бүгүн, 24-январда, Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өттү.
Атлеттер жылдызы жанып келе жаткан мезгилде, 2014-жылы беттешип, ирландиялык спортчу биринчи эле раунддун 90-секундасында техникалык нокаут менен уткан.
Дастин Порье UFC уюмунун утурумдук чемпиону болгон. Акыркы тогуз беттешиндеги сегизинче жеңиши. Ал тогуз беттеште бир гана россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өзбекстандык мушкер Махмуд Мурадов UFC 257 мелдешинде америкалык Эндрю Санчезди техникалык нокаут менен утту.
محمود مرادوف يهزم أندرو سانشيز بالضربة الفنية القاضية في الجولة الثالثة .. #UFC257 pic.twitter.com/I4SPO4Ewwt
— UFC Arab (@UFC_Arabs) January 24, 2021
Орто салмактагы мушкерлер үч раунддук беттешке чыгышкан. Биринчи бөлүк лоу-кик, бири-бирине узатылган карама-каршы соккулар менен коштолду.
Бул Мурадовдун UFC промоушениндеги удаасы үчүнчү жеңиши. Жалпы карьерасында 26 жеңиши бар.
Конор Макгрегор менен Дастин Порье UFC 257 мелдешинин эң башкы беттешинде кармашат. Биз онлайн-репортаж уюштуруп жатабыз.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ырчы Анжелика Кайратова кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Анын беш жаштагы кызы жабыркап, ооруканага түшкөнүн Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жибек Жайылмышева билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Автоунаада беш киши болгон. Ырчынын беш жаштагы кызынын эки бутунун тең сан сөөктөрү сынып кеткен. Башкаларына медициналык жардам зарыл болгон жок", — деди директор.
Маалыматка караганда, алар Бишкекке жөнөтүлгөн. Ал эми жабыркаган кыз кечээ Түп райондук ооруканасында калтырылган. Бүгүн аны Бишкектеги ооруканага алып кетүү үчүн реанимобиль Көлгө келе жаткандыгын айтышты.
Кийин ырчы өзүнүн Instagram баракчасына колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип пост жазды.
"Аллахка чексиз мактоолор. Доктурларга таазим. Баары шүгүр. Чын жүрөктөн төртөөбүзгө берип жаткан дуаларыңыздар кабыл болсун. Аманбыз", — деди Кайратова.
Маалыматка караганда, автоунаанын ичиндеги калган жүргүнчүлөр катуу жаракат алган эмес.