Юлия Началованын атасы: өлүмүнө кызым өзү күнөөлүү

© Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЫрчы Юлия Началованын күмбөзү
Ырчы Юлия Началованын күмбөзү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Началова Воронеж шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган. Анын атасы ансамблдин жетекчиси, апасы солисти болгон.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ырчы Юлия Началованын атасы Виктор Началов кызы өзүн-өзү дарылап жатып каза болгонун "Россия 1" телеканалынын "Түз эфир" берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, Началова дарыгерге кайрылбастан бутунун жараатын өзү билгендей дарылап жүргөн.

"Дарыгерлерге эч кандай нааразычылык жок. Алар колунан келген аракетин жасашты. Кызымдын организми жаш, баары жакшы болот деп ойлодук, бирок Юлия ооруну жеңе албай койду", — деди Началов.

Юлия Началова 16-март күнү кайтыш болгон.

Эстрадная певица Юлия Началова - Sputnik Кыргызстан
Юлия Началова кокустуктан каза тапты. Ырчынын дарыгери үн катты
Ал Воронеж шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган. Анын атасы ансамблдин жетекчиси, апасы солисти болгон.

Юлия сахнага беш жашынан тарта ырдап чыга баштаган. Элге балдардын "Таңкы жылдыз" телесынагына катышып таанылган. Ырчылык карьерасында сегиз музыкалык альбом чыгарган.

Ал "Герой ее романа" (2001), "Бомба для невесты" (2004), "Три мушкетера" (2005), "Любовь — не шоу-бизнес" (2007) деп аталган тасмаларга тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0