Ууланбайм десеңиз... Кафе-ресторанда тамактанууда эмнени эске алуу керек

© AFP / EITAN ABRAMOVICH Ресторанда тамактанып жаткан аял. Архив
Ресторанда тамактанып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук тамактануу жайынан ууланып калсаңыз, сөзсүз түрдө тиешелүү органдарга кайрылыңыз.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Коомдук тамактануучу жайларда ууланып же жөн гана сапатсыз азык-түлүк менен тамактанбаш үчүн эмнелерге көңүл буруу керектигин Астананын коомдук ден соолук департаментинин адистери айтып берди. Алардын кеңешин Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Адистердин айтымында, кардарлары көп болгонуна карабай, аз стол койгон ашканалардан оолак болуу зарыл.

"Булар үнөмдөө максатында ушул жолго барышат. Эгер текшерүүчү органдар барып калса, бир эле муздаткычтан бышкан тамак менен чийки эт чогуу сакталып турганын көрсө керек", — деди департамент жетекчиси Садвакас Байгабулов.

Тамактануу жайын тандап жатканда эмнеге маани берүү зарыл?

Кафенин сырткы көрүнүшү, мисалы, кардар кеткенден кийин деле столдун үстү тазаланбай турса, идиштери таза жуулбаса, бул жерден артты карабай качыңыз;

Международный кулинарный турнир поваров-юниоров - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар ачка болуунун пайдасын далилдешти
Ар бир коомдук тамактануучу жайда ажаткана, кол жуучу жай болуусу шарт;

Кызмат көрсөтүп жаткан кыз-жигиттердин дагы кийим-кечегине көңүл буруңуз;

Кетчуп, майонез, горчица жана сарымсак кошулган тамактарды албай эле койгонуңуз жакшы. Себеби бул кошулмалардын жардамы менен тамакка эскирип кеткен азык-заттардын кошулганын жашырып койсо болот;

Фарштан жасалган тамактар дагы сапаты жагынан мыкты болбой калышы мүмкүн. Анткени көпчүлүк учурда фаршты калдыктардан жасашат;

Коомдук тамактануу жайынан ууланып калсаңыз, сөзсүз тиешелүү органдарга кайрылышыңыз зарыл. Анткени сиз барган кафе же ресторанды сөзсүз текшерүү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0