Forbes россиялык миллиардерлерди аныктады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүРоссиялык ишкер Сергей Галицкий. Архив
Россиялык ишкер Сергей Галицкий. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономикалык журнал актив жана дивидендден пайда көргөндөргө басым жасаган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Forbes журналы Россияда 2018-жылы актив жана дивиденддерин сатуу менен 11 миллиард доллардан ашык киреше көргөн байлардын тизмесин жарыялады.

Биринчи орунга ишкер Сергей Галицкий чыкты. Ал чекене соода менен алектенген "Магнит" ишканасынын 29 пайыз акциясын сатып 2,44 миллиард доллар пайда көргөн.

Суперяхта Dilbar Алишера Усманова - Sputnik Кыргызстан
Усмановдун "Дилбары" Барселонага токтоп, көргөндөрдүн оозун ачырды. Сүрөт
Андан кийинки сапта саясатчы Михаил Прохоров турат. Миллиардер Brooklyn Nets баскетбол клубундагы 49 пайыздык үлүшүн сатып, 1,77 миллиард доллар киреше тапты. Үчилтикти Владимир Лисин жыйынтыктады. Анын Новолипецкий металл комбинатынын дивиденддеринен түшкөн кирешеси 1,59 миллиард долларга жеткен.

Төртүнчү жана бешинчи орундарга "Северсталь" жетекчиси Алексей Мордашов (1,46 миллиард доллар) менен өзбек тектүү белгилүү ишкер Алишер Усманов (1,12 миллиард доллар) илинди.

Жаңылыктар түрмөгү
0