БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Көпчүлүк бөлүгү Борбордук Америка өлкөлөрүнөн чыккан мигранттардын жаңы кербени Мексика менен Гватемаланын чек арасынан АКШны көздөй бет алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, кербенде бараткан адамдардын саны 1,2 миңге жетет. Алар эки айга чукул чек арага жакын жердеги Мексиканын Тапачула шаарында жүрүшкөн. Айрым маалыматтарга караганда, мигранттардын арасында Кубанын жарандары дагы бар.
Ушул сыяктуу мигранттардын кербени соңку ирет январь айында дагы болгон. Борбордук Америкадан чыккан мигранттар Мексика аркылуу АКШ тарапка 2018-жылдын күзүндө бет алган болчу. Мунун натыйжасында АКШ менен Мексиканын чек арасында миңдеген адам топтолуп калган. АКШ бийлиги коопсуздукту камсыздоо үчүн аскерлерди жөнөткөн.