Венесуэлага россиялык аскерлер келгени айтылды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскер кызматкери. Архив
Россиянын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Венесуэланын бир катар ири ЖМКлары Каракас шаарына эки учак менен Россиянын 99 аскер кызматкери 35 тонна жүк менен учуп келгенин жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Ишемби күнү Венесуэланын Симон Боливар атындагы Майкетия аэропортуна эки учак менен Россиянын аскерлери учуп келгенин РИА Новости жазды.

Агенттиктин маектеши россиялык аскерлер эки тараптуу консультацияларга катышуу үчүн келгенин билдирип, мында "эч кандай табышмактуу нерсе жок" экенин айткан.

"Россиянын Венесуэла менен иш жүзүнө ашып жаткан бир нече келишими бар. Алардын ичинде аскердик-техникалык жаатта кызматташуу маселеси да каралган", — деди булак.

Буга чейин Венесуэланын бир катар ири ЖМКлары Каракас шаарына эки учак менен Россиянын 99 аскер кызматкери 35 тонна жүк менен учуп келгенин жазып чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0