Өз клибинде жан берип. Америкалык ырчынын кайгылуу окуясы

© Sputnik / Руслан КривобокТапанча. Архив
Тапанча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта 35 жаштагы ырчынын клип тартып жаткан учурда тапанчаны колдонгону айтылды.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Америкалык ырчы Жастин Картер өзүнүн клибин тартып жатып кокустуктан каза болду. Бул туурасында Fox News билдирди.

Маалыматтарда 35 жаштагы ырчы клип тартып жаткан учурда тапанчаны колдонгон. Ал пистолетти чөнтөгүнө салып койгондон кийин капысынан атылып кеткен.

​Fox News куралдын октолуу болгондугун жазды.

Тапанчанын огу анын көзүнүн тегерегине тийип, музыкант ошол жерден жан берген.

Картер кантри жана рок-н-ролл жанрындагы ырларды аткарып келген. Ал 2019-жылы Америка боюнча концерттик турнеге чыгууга камынып жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0