Көзгө тике тийген жарык менен рактын эмне байланышы бар? Иликтөө

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүОтключение света в России
Отключение света в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер алардын максаты эмчектеги залалдуу шишиктин сөөккө өтүп кетишин азайтуу экендигин айтышкан.

БИШКЕК. 26-март. — Sputnik. Окумуштуулар түндө чыккан жарык эмчек рагынын сөөккө өтүп кетишин шарттай турганын айтышты. Бул туурасында medicalxpress.com сайты жазды.

Адистердин изилдөөлөрү Жаңы Орлеандагы Эндокрин коомчулугунун ENDO 2019 деп аталган жыл сайын өтүүчү жыйынында айтылган.

"Буга чейин түндөгү күңүрт жарыктын кан айлануу системасын бузуп, андан соң эмчек рагынын жайылып, сөөккө өтүп кетери белгилүү болгон эмес. Бул абдан маанилүү нерсе. Эмчек рагына кабылган көптөгөн бейтаптар уйкусу канбагандыктан, стресстен, телефон аппараттагы же уктаган бөлмөдөгү көзгө тике тийген өтө эле ашыкча жарыктан, түнкү нөөмөттөгү иштен улам жогоруда айтылган зыянга кабылат", — дешкен окумуштуулар.

Адистер алардын максаты эмчектеги залалдуу шишиктин сөөккө өтүп кетишин азайтуу экендигин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0