Бүлө бузар, атаандашпы? Сулуу аялдардан жетекчи аз чыгат

© AFP / MANDEL NGANОфисный работник в Вашингтоне
Офисный работник в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айова штатында дарыгер ассистент кызды "өтө жакшынакай болуп, ишинен алагды кылып жана үй-бүлөсүнүн бузулушунан коркуп" иштен бошотуп жиберген.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жакшынакай аялдар эмне үчүн сейрек жетекчи болорун Вашингтон университетинин окумуштуулары аныктап чыгышты. Бул туурасында РИА Новости Sex Roles журналындагы маалыматка таянып жазды.

Алардын айтымына караганда, жакшынакай, сулуу кызматкер жамаатка алардын жашоосундагы кооптуулук катары кабылданат. Андай кесиптештерине башкалары анча ишене бербейт экен.

Америкада кызыктай окуя болгон. Айова штатында дарыгер ассистент кызды "өтө жакшынакай болуп, ишинен алагды кылып жана үй-бүлөсүнүн бузулушунан коркуп" иштен бошотуп жиберген.

Жумуш ордундагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар баш көтөрбөй иштеген аялдар кант диабетине көп чалдыгарын айтты
Ызаланган кыз докторду сотко бергени менен фемида өкүлдөрү аны актаган чечим чыгарган. Бул фактыдан кийин окумуштуулар аталган жаатта изилдөө баштаган.

Адистер бир нече окуялар менен образдарды атайын ойлоп чыгарышкан. Алар — ири корпорацияларды башкарган жакшынакай жана кебетеси анча эмес эркек, аял жетекчилер. Өздөрүнүн ийгиликтери жана банкрот болгон окшош тарыхтары бар. Окумуштуулар алардын башынан өткөргөн окуяларын атайын бирдей кылып, болгону жетекчилеринин жынысын жана сүрөттөрүн алмаштырып койгон.

Баарын даярдаган соң интернетке жайгаштырып, эл алардын ичинен кимисине көбүрөөк ишенип, жан тартып, көңүл бурушарын байкап турушкан.

Сурамжылоого алынып жана пикир калтыргандардын азганактай бөлүгү гана сулуу "жетекчи – аялдын" сүрөтү коюлган окуяга ишенип, көбү анча келишимдүү эмес башчыларга "ооп" кеткен.

Алардын арасында жетекчи аялдарды "каргашалуу" деген маанайда айтышкан. Окумуштуулар аял, эркектердин көбү сулуу кыз-келиндерди өздөрүнүн карьерасына жолтоо болгон жана үй-бүлөлүк жашоосуна бүлүк салган кооптуулук катары карашкан. Изилдөөнүн жыйынтыгында мындай келишимдүү кыз-келиндерди үй-бүлө бузар, экинчиден атаандаш жана тынч жашоону өзгөртүп жиберүүчү адам катары карашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0