Арстан. Архив

Адамдардын таш боордугу. Жөн жаткан арстанды аткан кишинин видеосу тарады

3723
(жаңыланган 17:56 26.03.2019)
Көптөрдүн кыжырын кайнаткан окуя мындан 8 жыл мурда Зимбабведеги корукта болгон.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары Зимбабведеги аңчынын жөн жаткан арстанды аткылоого алып, көңүл ачкан видеосуна кыжыры кайнагандыгын билдирүүдө.

Бул маалымат социалдык тармактардын бирине тараган.

The Daily Mail басылмасы Зимбабведе 2011-жылы болгон жан ачыткан окуяны жарыялады.

Жаныбарларды коргоо коому аны элге эми гана жарыялап отурат. Аталган уюм муну менен жапайы жаныбарлар Африка континентинде кантип адамдардын оюнчугуна айланып жаткандыгын көрсөтүүгө аракет кылган.

"Бул аңчы сөрөй уктап жаткан арстанды аңдып отуруп, акыры өлтүрүп тынган! Кыжырыңды гана келтирет", — деп жазылган видеонун алдына.

Кадрдан аба ырайы ачык болгондуктан, эч ким менен иши жок, талаада бейкапар уктап жаткан арстанды көрүүгө болот. Мылтыгын мээлеген эркек киши бир ирет атканда чочуп кеткен жаныбар ордунан тура калган. Андан кийин атылган октор арстандын денесине кадалып, жаны ачыгандыктан ач айкырык салганын көрүүгө болот. Бир нече ирмемдерден кийин таш боор "аңчы" жырткычтын өлгөн-өлбөгөндүгүн сайгылап текшерип жаткандыгына күбө болобуз. Ал эми экинчи адам "олжо" үчүн мылтыкчанды мактап, далыга таптап жатат.

Ролик кыска убакыттын ичинде элге тарап, көптөрдүн кыжырдануусун жаратты. Бир катарлары жаныбардын тагдырына жүрөгү ооруп, көзүнө жаш айлангандыгын жазган.

Социалдык тармактын колдонуучулары "аңчынын" Иллинойс штатынын 64 жаштагы жашоочусу Гая Горни аттуу адам экендигин таап чыкты. Буга чейин ири 70 жаныбарды атып өлтүргөндүгү да маалым болду. Гая Горни кериктин, пилдин өлүктөрүнүн жанында туруп түшкөн бир нече сүрөтүн интернетке жайгаштырган.

​Социалдык тармактын колдонуучулары ал адамды таш боор, монстр, оорулуу деп атап, тезирээк дарыгерге көрсөтүү зарылдыгын жазышкан.

"Балким, ушинтип адамдарды да өлтүрүп жүргөн чыгарсың?" — деген суроо узаткан Пирс Морган аттуу теле алып баруучу.

National Geographic мындай темп менен кете берсек, 2050-жылы арстандардын тукуму курут болушу мүмкүн деген божомолду берген.

3723
Белгилер:
Өлтүрүү, мылтык, арстан, корук, Зимбабве, Африка
Тема боюнча
Арстанга тап коюп, бирок аркасын карабай качкан гиеналардын видеосу
Россиялык вакцинаны алган киши. Архивдик сүрөт

Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

26
(жаңыланган 15:50 11.08.2020)
Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россияда чыгарылган коронавируска каршы күрөшүүчү вакцина 2021-жылдын 1-январынан тартып массалык колдонууга чыгарылат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин дары каражаттарынын мамлекеттик реестринин маалыматына таянып РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, бүгүн аталган министрлик коронавирусту алдын алуу үчүн дүйнөдөгү биринчи вакцинаны каттады. Препарат Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илимий изилдөө борбору тарабынан Россиянын түз инвестициялар фонду менен биргеликте иштелип чыккан.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Маалыматта эмдөө алгач медиктерге жасалары айтылат. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында башталып, андан соң массалык түрдө чыгарылат.

26
Белгилер:
сатык, колдонуучу, коронавирус, вакцина, каттоо, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты
Путин Россиянын коронавируска каршы вакцинаны каттагандыгын жарыялады
Бейтапка укол сайып жаткан дарыгер. Архив

Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты

125
(жаңыланган 15:21 11.08.2020)
Бүгүн Россиянын дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөндүгү белгилүү болду.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин кыздарынын бири коронавируска каршы вакцина алгандыгын билдирди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Мындай маалыматты ал өкмөттүн жыйынында Россия дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы вакцинаны каттоодон өткөргөнү туурасында сөз болгон учурда айтты.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

"Кыздарымдын бири да эмдөө жасатты. Мындайча айтканда, ал экспериментке катышты. Биринчи эмдөөдөн кийин эти ысып, 38 градуска чыкты, эртеси 37 градустан бир аз өйдө болду, бүттү, андан кийин калыбына келди", — деди Путин.

Бүгүн Россия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөндүгү белгилүү болду.

125
Белгилер:
каттоо, вакцина, коронавирус, Владимир Путин, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия COVID-19га каршы вакцинаны ноябрда өндүрө баштайт