Азербайжанда жаштар эми үйлөнөрдө психологиялык тесттен өтөт

Жазылуу
Психологдун айтымында, адамдар үй-бүлө куруп, жоопкерчиликти алууга даяр болбогондуктан ажырашып кетишет.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Азербайжандын Үй-бүлө, аял жана балдар маселелери боюнча мамлекеттик комитети баш кошом деген жаштарга психологдордун кеңешин алууга милдеттендирүүнү карап жатат. Бул тууралуу Sputnik Азербайжан басылмасы жазды.

Аталган комитеттин психологу Зульфия Садыгованын айтымында, мекеме өлкөдөгү ажырашуулардын себеби боюнча маалыматтарды алып турат. Жубайлардын бири-бирин түшүнбөстүгү - эки жолго түшүүнүн негизги себептеринин бири.

"Андыктан адамдардын кызыкчылыктары, баалуулуктары жана темпераменти бири-бирине дал келбей калган учурлар көп. Бул өз кезегинде үй-бүлөнүн бузулушуна алып келүүдө", — деди Садыгова.

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыз жетишпейт. Корей жигиттерге бийлик Өзбекстандан колукту издөөдө
Ошондуктан мамлекеттик комитет жаштарды үйлөнөр алдында бири-бирине төп келишин аныктоо үчүн психологиялык кеңеш берүүнү милдеттендирүүнү сунуштап жатат.

Адистер болочок жубайлардын бири-бирин толуктап туруусун аныктоо үчүн көптөгөн ыкмалар бар деп ишендиришүүдө. Алардын арасында тест, окутуу ыкмалары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0