Tesla унааларында кемчилик табылып, сатып алгандар нааразы болууда. Видео

© REUTERS / Mike BlakeTesla Model 3 жана X автоунаалары. Архив
Tesla Model 3 жана X автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Албетте, бул көрүнүш интернет колдонуучуларга дагы жаккан жок.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Tesla электромобилдеринде сатып алган адамдарды убайымга салган кемчилик табылды. Бул тууралуу ролик Twitter тармагындагы Quinn Nelson аккаунтуна жарыяланды.

Кадрларда көрүнүп тургандай, жаан жаап жаткан учурда багажниктин эшигин ачса, суу түз эле ага кирип кетет.

RT каналынын маалыматына караганда, мындай кемчиликти Tesla Model 3 үлгүсүнүн ээлери байкашкан. Алардын айтымында, унааны жасап жатканда инженерлер жаан-чачындуу аба ырайын эске алган эмес.

Албетте, бул көрүнүш интернет колдонуучуларга дагы жаккан жок.

Комментарийлерде айрымдар "Tesla компаниясында иштегендер эч качан жаан жааганын көргөн эмес" деп шылдыңга алышты.

Башкалар Tesla өндүрүлгөн Калифорния штатында жаан сейрек жаай турганын жазды.

​Интернет колдонуучулардын бири мындай кемчилик бир гана Tesla көлүктөрүндө эмес, Volkswagen Passat CC үлгүсүндөгү автоунаада дагы бар экенин айтып, видеосун жарыялады.

​Компания өзү бул көрүнүш боюнча үн ката элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0