Конор Макгрегор кыз зордуктады деп айыпталууда. Иш тергөөдө

© AFP / ANGELA WEISSUFC мелдешинин мурунку чемпиону Конор Макгрегор. Архивное фото
UFC мелдешинин мурунку чемпиону Конор Макгрегор. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC жылдызы жана дүйнөдөгү эң бай спортчулардын бирине аты аталбаган белгисиз аял кине коюуда.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. UFC мелдешинин мурунку чемпиону Конор Макгрегор сексуалдык кордук көрсөткөн деп айыпталып, Ирландиянын полициясы ишти тергеп жатат. Бул тууралуу New York Times гезити билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, декабрь айында аты аталбаган аял UFC мелдешинин мурунку чемпионуна кине койгон.

Российский боец UFC Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жунглинин бир эле падышасы болот. Конордун кеткенин Хабиб кандай кабыл алды
Анын айтымында, окуя Дублиндеги Beacon мейманканасында болгон. Макгрегор айрым учурда ал отелдин пентхаусунда жашап турчу. Акыркы жолу аны ал жактан былтыркы жылдын декабрь айында көрүшкөн.

2019-жылдын январь айында спортчуну укук коргоо органдары кармап, сурактан кийин тергөөнүн жыйынтыгы чыккыча деп бошотулган. Маалым болгондой, ага азырынча айып тагыла элек.

Мушкер тарап бул маалымат тууралуу азырынча эч нерсе билдирген жок.

Эске салсак, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор мушташ өнөрү боюнча карьерасын аяктагандыгын билдирген.

Спорттук карьерасында ал 21 жолу жеңип, төрт ирет утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0