18 миң доллар төлөп берет экен. NASA бир шарт коюп, киши издеп жатат

© Sputnik / Максим БогодвидМанекен. Архив
Манекен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар бул эксперимент менен адамдын салмаксыз жана жаткан абалында канча мезгилге чейин чыдай аларын текшерген.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Америкалык космостук агенттик — NASA 18 миң доллар сунуштап, өз ыктыяры менен жаңы тажрыйбага макул болуп, 60 күн бою керебетте жата турган адамды издеп жатат. Бул туурасында The Mirror басылмасы жазды. https://www.mirror.co.uk/science/dream-job-nasa-pay-you-14183285

Экспериментке 24 адам катышмакчы. Окумуштуулар муну менен адамдын салмаксыз жана жаткан абалында канча мезгилге чейин чыдай аларын текшермекчи.

Астронавт-рекордсмен Пегги Уитсон - Sputnik Кыргызстан
Космостогу алгачкы аял командир пенсияга кетти
Сентябрь айында тандалган 24 адамды Германиянын авиация жана космонавтика боюнча борборуна жөнөтүп, ал жерден турбагандай кылып эки айга керебетке таңып коюшат.

Белгилей кетүүчү учур, алардын буту башына караганда бир аз өйдөрөөк болуп турушу кажет. Бул кандын агымынын колу-буттун башына жетишин азайтып, булчуңдардын деградациясына алып келет. Тагыраагы, алар кудум эле космостогу астронавттардын абалына түшөт. Керебетте жаткандар зеригип кетпеши үчүн телевизор көрүүгө, китеп окуп, интернетти пайдаланууга уруксат берилет.

Сыноо тажрыйбасы бүткөндөн соң алар 28 күн реабилитациядан өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0