"Дүйнөдөгү эң мыкты мугалим" сыйга алган миллион долларын эмне кыларын айтты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКупюры американских долларов.
Купюры американских долларов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табичи мурда жеке престиждүү мектепте иштегенин, бирок кийин жашоо-турмушу начар балдарга сабак өтүүнү чечкенин айтты. Жети жыл мурун ал кечил болуп, тапкан каражатынын 80 пайызын жардамга муктаждарга бере баштаган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Дүйнөнүн мыкты мугалими аталган кениялык кечил-францискан Питер Табичи бир миллион доллар сый акысына өзү иштеген мектепке жабдуу алып, жергиликтүү тургундарга жардам берерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

"Биздин мектепте заманбап лаборатория болушун каалайм. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жардам бере турчу долбоор жасагым келет. Мисалы, үйдүн жанына жей турган өсүмдүктөрдү өстүрсөк болот. Мен төрөлгөн жерде жакырчылык күч, тамак-аш өтө аз", — деди Табичи.

36 жаштагы мугалим Кениядагы айылдардын бириндеги орто мектепте табигый илимдер боюнча сабак берет. Алардын окуу борборунда бир гана компьютер бар, ал эми бир мугалимге 58 окуучу туура келет.

Табичи мурда жеке престиждүү мектепте иштегенин, бирок кийин жашоо-турмушу начар балдарга сабак өтүүнү чечкенин айтты. Жети жыл мурун ал кечил болуп, тапкан каражатынын 80 пайызын жардамга муктаждарга бере баштаган.

Сутденттер сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүрөктү жылыткан сүрөт. Профессор студенттин баласын көтөрүп алып лекция окуду
Былтыркы жылы бул сыйлыкты Улуу Британиядагы жашоо шарты начар район деп эсептелген Бристоль шаарында сүрөт сабагынан мугалим болуп иштеген Андриа Зафираку алган.

"Дүйнөдөгү эң мыкты мугалимди" индиялык ишкер Санни Варкейдин кайрымдуулук уюму 2015-жылдан бери тандап келет.

Сый акынын берилиши Бириккен Араб Эмирлигинин премьер-министри жана вице-президенти, Дубайдын башкаруучусу шейх Мухаммед бен Рашид Аль Мактум тарабынан көзөмөлдөнөт.

Индиядан чыккан ишкер Санни Варкей Жакынкы Чыгышта GEMS Education аттуу жеке бала бакча жана мектептердин ири түйүнүн ачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0