Бийиктен кулаган бөбөктү алты жаштагы бала сактап калды. Польшадагы окуя

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүТурак үй. Архив
Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми наристенин энеси беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Польшадагы Чеховице-Дзедзице шаарынын алты жашар тургуну терезеден кулап бараткан наристени сактап калды. Бул туурасында "Известия" жергиликтүү TVN24 маалымат порталына шилтеме кылып кабарлады.

Медицинская косметологическая больница Хуамей в Шанхае - Sputnik Кыргызстан
Англияда ата-эне кызынын органдары менен беш баланын өмүрүн сактап калды
Окуучу короодон достору менен ойноп жатып, терезенин кырында салаңдап асылып турган бөбөктү байкап калган. Бар күчүн жыйнап терезенин темирин кармап турган бала акыры төмөн кулаган. Окуучу бөбөктүн болжол менен үч метрдей бийиктиктен кулап келе жатканда тосуп калууга үлгүргөнүн айтып берген.

Окуя болгон жерге жетип келген полиция үйдүн ичине киргенде наристенин атасы менен энесинин мас экени маалым болгон. Эми баланын энеси беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0