Кош бойлуу аял. Архивдик сүрөт

Тамеки тарткан кош бойлуу аялдын кыздары төрөбөй калары айтылды

689
(жаңыланган 13:11 30.03.2019)
Окумуштуулар чылым чеккен 65 миң аялды сурамжылап, ар бир 10 келиндин ичинен эки-үчөө боюнда болгон кезде дагы никотинден баш тарта албай койгонун айткан.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кош бойлуу кезинде чылымды таштабаган келиндердин жарыкка келген кыздары келечекте балалуу болбой калышы мүмкүн. Бул тууралуу британиялык окумуштуулардын иликтөөлөрүнө таянып, Daily Mail басылмасы жазды. 

Адистер чылым чеккен 65 миң аялды сурамжылап көргөн. Ар бир 10 келиндин ичинен эки-үчөө боюнда болгон кезде дагы никотинден баш тарта албай койгонун айткан.

Мындан улам окумуштуулар бул адат канчалык кооптуу экенин аялдарга башка ракурстан түшүндүрүү үчүн дагы бир жаңы иликтөө жүргүзүшкөн.

"Бул жолу чындап эле чылымдын өтө кооптуу кесепетин таба алдык. Ичинде түйүлдүк бар кезде түтүн жуткан энелер келечектеги кыздарын тукумсуз калтырышы мүмкүн. Көрсө, курсактагы түйүлдүк (кыз төрөлө турган болсо) никотинге ууланса, жатын органдары жакшы өрчүбөй калат экен", — деп түшүндүрүштү адистер.

Буга чейин АКШлык окумуштуулар иликтөө жүргүзүп, кош бойлуу кезде чылымды таштабаган аялдардын балдары төрөлгөндөн кийин капилет чарчап калуу коркунучуна кабыларын аныкташкан.

689
Белгилер:
кыз, жатын, чылым, кош бойлуулук, келин, Окумуштуулар, Улуу Британия
Тема боюнча
Аялдар эркеги жок деле төрөй алат... Окумуштуулардын жаңы иликтөөсү
Кош бойлуу аял чылымды таштабаса, кесепети кандай болот? Адистин жообу
Акула. Архивдик сүрөт

АКШда кош бойлуу аял акуланын оозунан күйөөсүн сууруп алды

4
(жаңыланган 18:33 26.09.2020)
30 жаштагы киши бет кап жана дем алуучу түтүк тагынып деңиз астындагы таштарды аралап сүзүүгө белсенген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. АКШнын Флорида штатында кош бойлуу аял деңизге секирип акулага жем боло жаздаган күйөөсүн куткарып калды. Бул туурасында BBC News жазды. 

Анда 30 жаштагы киши бет кап жана дем алуучу түтүк тагынып алып деңиз астындагы таштарды аралап сүзүүгө белсенген. Бирок ал сууга түшөрү менен  дароо акула тиштеген. Муну көргөн жубайы артынан жардамга секирген.

Артын карабай качты. Акулага капыстан туш келген спортчулардын видеосу

Ал жолдошун коопсуз жайга тартып чыккандан кийин үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү куткаруу кызматын чакырган. Жолдошу ийининен катуу жаракат алган. Куткаруучулардын бири алар барганда жабырлануучу өтө оор абалда болгонун айткан.

4
Белгилер:
күйөө, аял, куткаруу, акула, АКШ
Тема боюнча
Өлгөн киттин этин жеш үчүн акула жээкке чыккан. Видео
Жүрөктөрү тоо экен! Туристтер дүйнөдөгү эң чоң акула менен кошо сүздү

Кашык, капот, бадыраң... Буюмдарды денесине жабыштырган кишинин видеосу

25
(жаңыланган 18:36 26.09.2020)
Ирандык Абольфазл Сабер Мохтаринин бардык нерсени денесине жабыштырып алуу өзгөчө жөндөмү бар. Ал муну акыл-эсин башкаруу менен жасай аларын айтат.

Тегерандын 51 жаштагы тургуну бала чагында эле мындай жөндөмү бар экенин билип, бирок көп жылдар бою колдонбой келген. Кайрадан баштоосуна кызынын индиялык жигит кашыктарды денесине чаптап алган видеоклипти көрсөткөнү себеп болгон.

Ташчайнар тиши менен тартчу эле... Тарбалаңдап МАЗ сүйрөгөн жигиттин видеосу

Абольфазл журналисттерге автоунаанын капотун, жумшак оюнчук, бадыраң, кашык жана башка түрдүү нерселерди денесине жабыштырып алганын көрсөтүп берген. Видео Ruptly YouTube каналына жарыяланды.

Өнөр ээси эч кандай жабыштыргыч зат колдонбой турганын белгилейт.

25
Белгилер:
капот, өнөр, Иран
Тема боюнча
Арабдарды тиши менен көтөрүп эсин оодарган Ташчайнар. Camel Fest видеосу
Жалал-Абаддагы "магнит баатыр": темир, кагаз, буюмдар денеге жармашканда
Экономист Нургүл Акимова. Архивдик сүрөт

Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармагын тандоо зарыл

0
(жаңыланган 18:36 26.09.2020)
Экономист Нургүл Акимова ишкер болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керектиги тууралуу айтып берди.
Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармагын тандоо зарыл

Бизнесмен болуу да кесип тандоо сыяктуу эле. Бирөөнүн кирешеси тууралуу угуп алып эле кызыга берген болбойт. Сөзсүз түрдө жасаган бизнесиң көңүлүңө төп келүүсү зарыл. Мындай пикирин Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Экономист: той берүү — ишкер үчүн коммуникациянын бир түрү

Анын айтымында, ишкерлик менен алектенген үй-бүлөдө тарбияланган бала бизнеске оңой аралашып кете алат.

"Ишкерлик жөндөм бардык адамда болот. Ал кайсы тармакта бизнес жасай алат, көңүлүнө эмне туура келет, ошону гана аныктап алуусу зарыл. Албетте, ишкер чөйрөдө чоңойгон баладан бизнесмендер көп чыгат. Анткени алар кичинекейинен аки-чүкүсүн  билет. Бирок кийин келип ишкерликке аралашып, ийгилик багындырууга да толук мүмкүнчүлүктөр бар. Башкысы - адам жүрөгүнө жаккан иштин түрүн тандоосу абзел. Эгер ал өсүмдүктөргө жакын болсо, ушул багытта кетсин, же  сулуулук индустриясы кызыктырат дейли, анда ошол тармакты караштырсын. Жөн гана башка бирөөнүн тапкан кирешеси тууралуу угуп алып бизнес жасоого киришкен адамды көп учурда жаңылыштык, жаза басуу күтүп турат. Бизнестин тили менен айтканда, банкрот. Бирок анын да пайдасы бар, себеби сабак алып, тажрыйба топтойт. Эгер жасап жаткан бизнесиң көңүлүңө жакса, мындай учурда кол куушуруп отуруп калбай, тескерисинче өжөрлүк менен уланта аласың ", — деди Акимова.

Экономист ийгиликтүү ишкер болуу үчүн ар дайым бизнестин ошол багытында билимин тереңдетип туруу зарылдыгын кошумчалады.

0
Белгилер:
ишкер, каражат, үй-бүлө, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп