Дүйнөдөгү эң популярдуу музей аталды

© Sputnik / Ирина Калашникова / Медиабанкка өтүүПариж шаарындагы Лувр. Архив
Париж шаарындагы Лувр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи орунга татыган музейге өткөн жылы 10 миллиондон ашык адам барган.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Көрүүчүлөр эң көп келген музейлердин ичинен Париждеги Лувр биринчи орунга татыды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, ага өткөн жылы 10 миллиондон ашык адам келген. Аны мындай ийгиликке жеткирген себептердин бири белгилүү рэпер Jay-Z менен ырчы Бейонсенин музейден клип тартканы болушу мүмкүн.

Баласын селкинчекке ойнотуп жаткан ата-эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эң бактылуу өлкө аныкталды. Кыргызстандын позициясы жакшырды
Экинчи орунду Пекиндеги улуттук музей, үчүнчүнү Нью-Йорк шаарындагы Метрополитен музейи алган.

Ошондой эле алдыңкы бештикке Ватикан музейи менен Лондондогу Тейт заманбап галереясы кирди.

Ал эми алдыңкы ондукка Лондон улуттук галереясы, Вашингтон улуттук искусство галереясы, Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик Эрмитаж жана Лондондогу Виктория жана Альберт музейи кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0