Украинада президенттик шайлоо өтүп жатат

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүПодготовка избирательных участков к выборам президента Украины
Подготовка избирательных участков к выборам президента Украины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Серепчилердин пикиринде, бүгүнкү шайлоодо бир дагы талапкер 50 пайыздан көп добуш ала албай, экинчи турга бир нечеси өтөт.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бүгүн, 31-мартта, Украинада президенттик шайлоо өтүп жатат. РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, ага 39 талапкер катышууда.

Второй тур президентских выборов в Словакии - Sputnik Кыргызстан
Словакияны эми аял президент башкарат. Шайлоонун жыйынтыгы
Анын ичинен үч талапкер азырынча фаворит. Ар кыл сурамжылоолордун жыйынтыгында биринчи орунда шоумен Владимир Зеленский келе жатат. Анын негизги атаандаштары — учурдагы президент Петр Порошенко жана "Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко.

Серепчилердин пикиринде, бүгүнкү шайлоодо бир дагы талапкер 50 пайыздан көп добуш ала албай, экинчи турга бир нечеси өтөт.

Ал эми өлкө башчысын тандоо боюнча кийинки туру 21-апрелде болору күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0