Түн ичинде дааратканага баруу олуттуу оорудан кабар берет

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүЖилой корпус Учебно-тренировочного Центра "Новогорск" в Московской области
Жилой корпус Учебно-тренировочного Центра Новогорск в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруну дарылагандан көрө алдын алуу оңой болгондуктан, окумуштуулар организмдеги ар бир белгиге көңүл бурууга чакырат.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Түн ичинде бир нече ирет дааратканага баруу — олуттуу илдеттин белгиси. Мындай бүтүмгө бир нече жылга созулган иликтөөлөрдөн кийин япон кардиологдору келгенин РИА Новости агенттиги жазды.

"Төшөккө жаткандан кийин дааратканага баргыңыз келгени организмде туздун көп экенинен же кан басымдын көтөрүлүп кетүүсүнөн кабар берет", — деди Сатоси Конно аттуу кардиолог.

Андыктан дарыгер табарсыкты бошотуп уктаганы жаткандан кийин дагы жок дегенде бир жолу дааратканага барган адамдарга дарыгерге кайрылууну сунуштайт.

"Кан басымына байланышкан оорулардан көз жумгандар саны жагынан дүйнө жүзү боюнча биринчи орунду ээлеп келет. Тагыраагы, жылына 17 миллион адам жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза табат. Андыктан толуп калган табарсыктан улам түн уйкусу бузулган адамдар сөзсүз дарыланышы зарыл", — деп түшүндүрдү кардиолог.

Ооруну дарылагандан көрө алдын алуу оңой болгондуктан, окумуштуулар организмдеги ар бир белгиге көңүл бурууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0