Россиядагы эң бай аялдардын бири авиакырсыктан каза болду. Видео

© AP Photo / Valery TitievskyСовладелец S7 Group Наталья Филева
Совладелец S7 Group Наталья Филева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
55 жаштагы Филева менен атасы Германияга дарылануу максатында барышкан.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Германияда учак кырсыгынан россиялык S7 авиакомпаниясынын кожоюндарынын бири Наталья Филева жана анын атасы каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Каргашалуу окуя Эгельсбах коммунасындагы аэропортко жакын жерде 31-март күнү болгон. Тогуз орундуу чакан учак аэропортко конууга бара жаткан жеринен кырсыктап, өрттөнүп кеткен. Анын бортунда Россиянын үч жараны болгон.

"55 жаштагы Филева менен атасы Германияга дарылануу максатында бара жатышкан. Кырсыктаган учак "Глобус" авиакомпаниясына тиешелүү болчу", — деп айтышты S7 ишканасынан.

Наталья Филева S7 компаниясынын директорлор кеңешинин төрайымы болгон. Авиация бизнесине 1990-жылдары жолдошу Владислав Филев менен бирге келген.

Былтыркы жылы анын байлыгы 600 миллион долларга жетип, Forbes журналынын версиясы боюнча Россиядагы бай аялдардын тизмесинде 4-орунду ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0