Жаа жана жебе менен митингге чыгып... Индеецтердин нааразы болгон видеосу

© REUTERS / UESLEI MARCELINO Сан-Паулу шаарында гуарани эли жамааттардагы медициналык жайлардын жабылып, анын функциясы муниципалдык ооруканаларга берилгендигине каршы чыккан
 Сан-Паулу шаарында гуарани эли жамааттардагы медициналык жайлардын жабылып, анын функциясы муниципалдык ооруканаларга берилгендигине каршы чыккан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Амазонканын жергиликтүү жашоочулары саламаттыкты сактоо системасындагы бир катар өзгөртүүлөргө нааразылыгын билдирген.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Сан-Паулу (Бразилия) шаарында гуарани (түштүк Америкада жашаган индеецтердин азыркы тукумдары) эли жамааттардагы медициналык жайлардын жабылып, анын функциясы муниципалдык ооруканаларга берилгендигине каршы чыккан. Бул туурасында Associated Press жазды.

Өткөн шаршемби күнү жүздөгөн демонстранттар салттуу кийим менен келип, Сан-Паулунун мэриясынын алдында нааразылыкка чыкты. Алар жаа менен куралданып алышканын көрүүгө болот.

​Ал эми эртеси күнү администрациянын алдына келип, ал жерде өздөрүнүн бийин көрсөтүп, нааразылыгын дагы бир ирет билдирген. Маалыматта сүйлөшүүлөрдөн кийин индеецтер имараттан чыгып кеткени айтылат.

Амазонкадагы белгисиз уруунун акыркы жашоочусу видеого түшүп калды - Sputnik Кыргызстан
Амазонкадагы белгисиз уруунун акыркы жашоочусу видеого түшүп калды
​Бразилиянын Саламаттык сактоо министрлиги акчаны үнөмдөө максатында байыркы уруулардын өкүлдөрү — индеецтердин жамааттарындагы медициналык жайларды жабуу чечими кабыл алынгандыгын айткан. Амазонканын жашоочулары муниципалдык ооруканалардагы баа кымбат экендигин айтып, аталган тармакта коррупция бар деп нааразылыгын билдирип келишкен.

Маалыматта акция Барзилиянын бардык аймагын камтыгандыгы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0